Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусу 03.08.2018 16:52 На русском

«Чай ичкени келдиңизби?», - премьер-министр Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевге

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден эскертүү алды. Алар бүгүн, 3-августта өкмөттүн отурумунда жолугушкан.

Жыйын учурунда өкмөт башчы облус жетекчисине суроо узатып, Талас облусунун аймагында канча мектеп каттоодон өтпөгөнүн сураган. Ал эми М.Мураталиев бул тууралуу маалыматтар жазылган баракты унутуп калганын айтты.

«Сиз чай ичкени келдиңизби? Же сиз компьютерсизби? Сиз өкмөттүн жыйынына келдиңиз, мындайда жок дегенде керектүү кагаздар же планшет болушу зарыл. Эгерде дагы бир жолу жыйынга ушундай абалда келсеңиз, анда залга кире албайсыз. Облустун жетекчиси болгусу келген адамдын көрүнүшү ушул», - деди М.Абылгазиев.

Мураталиев Марат Молдонович өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2017-жылдын декабрь айында дайындалган болчу. Аны жамаатка 4-декабрда мурунку вице-премьер-министр Даир Кенекеев тааныштырган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×