Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жаш талант: 14 жаштагы Адина Моңголиядагы тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында 1-орун алды (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Казык айылынын 14 жаштагы тургуну Адина Белек кызы Моңголияда өткөн тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Адина бош убакта тогуз коргоол жана волейбол ойногонду жактырат. Быйыл аталган айылдагы Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектепте 8-классты окуп бүтүрдү. Ал информатика жана математика сабактарын берилүү менен окуйт. 7-8 жашынан бери тогуз коргоол ойноп, мектепте окуп баштагандан тарта түрдүү мелдештерге катышып келет.

«Албетте жеңген жана жеңилген күндөр болду. Машыктыруучум Нурдин агайдын жардамы менен көптөгөн ийгиликтерди багындырдым. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулган мелдеште 1-орун, 2016-жылы Кыргызстандын жаштары арасындагы мелдеште 2-орунду ээледим. Мындан тышкары бир нече байгеге татыктуу болдум.

Моңголиянын Баян-Улгий шаарында 14 жаштагы өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болдум. Бул мелдешке 6 өлкөнүн — Казакстан, Өзбекстан, Моңголия, Кыргызстан, Россия, Кытайдан 180ге жакын тогуз коргоолчу катышты. Мелдеш 26-31 июль күндөрү өткөрүлдү. 6 атаандаштын арасында өзүмдү сынап, биринчиликти багындырдым. Кыргызстандын спортчулары жалпы 15 медаль менен кайттык. Ал жерде өзүмө досторду да таптым. Келечекте ийгиликтерди багынтып, мыктыларга машыктыруучу болгум келет», - деди ал.

Адина үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 815
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×