Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Видео — Кара-Арчадагы узакка созулган өрт: Жаныбарлар менен өсүмдүктөр күйүп жатат

Turmush -  Таластын Манас районундагы Кара-Арча токою бир нече күндөн бери түтөп жатат. Жергиликтүү тургундун айтымында, кечээ, 5-августта токойдун аймагында түтүн көбөйгөн.

Бул токойдо көптөгөн жаныбарлар жна канаттуулар жашайт, деп белгилешти жашоочулар.

«Репортерго» өрт чыккан аймактан тартылган видеону жөнөткөн окурман: «13 күндөн бери өрттү өчүрө албай жатабыз. Өсүмдүктөр күйүп кетти», - деп билдирген.

Ал эми ӨКМдин акыркы маалыматы боюнча токйдо 2000 гектарга жакын аянт күйүп кетти. Учурда жалпы 350 адам өрт өчүрүү аракеттерин көрүп жатышат. Алардын арасында 55 өрт өчүрүүчү бар.

Буга чейин маалымдалгандай, 28-июлдан бери Манастагы Алмалуу-Тоонун аймагындагы өрт өчүрүлүп, кайра тутанып жатат. ӨКМдин бүгүн, 6-агусттагы маалыматы боюнча Казакстан Республикасы менен чектешкен аймакта чыккан өрт 4-август күнү саат 15:40да толук өчүрүлгөн. Бирок 5-август күнү саат 17:00дө өрт кайрадан тутанды. Учурда өрт өчүрүү аракеттери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 570
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×