Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу 06.08.2018 15:35

Талас облусунда 1 айда жугуштуу оорулар менен жабыркаган 80 адам ооруканага кайрылган

Turmush -  Талас облусунун аймагында ушул жылдын июль айында жугуштуу оорулар менен жабыркаган 80 адам катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Рахат Төлүбаева билдирди.

Анын айтымында, жугуштуу оорулардын көбү өздүк гигиенаны сактабагандыктан жана бат бузулуучу тамак-аштардан келип чыгат.

«2018-жылдын июль айында жугуштуу оору менен 80 адам катталган. Алардын ичинен 46 адам ич өткөк боюнча кайрылган. Ич өткөк вирустук диарея жана бактериялык ичеги-карын инфекциясы деп экиге бөлүнөт. Вирустук диареяга 13 адам, ал эми бактериялык ичеги-карын инфекциясына 21 адам кабылган. Калган 25 адамда ич өткөктүн шарттуу себептери аныкталган. Кайрылгандардын көпчүлүгү кичинекей балдар болуп саналат. Вирустук диареяда ич өткөктү вирустар козгойт. Ал көбүнчө аба аркылуу жугат. Бул вирус ичеги-карынды жабыркатат. Ал эми бактериялык ичеги-карын инфекциясында ооруну бактериялар козгойт. Көбүнчө бул оору колду жуубай тамактанганда, жер-жемиштерди таза жуубай жегенде, эрте бузулуп кетүүчү тамак-аштардан жана чымын-чиркейлерден жугат. Ошондой эле үйдөгү санитардык абалды сактоо абзел», - деди ал.

IMG-20180806-WA0056

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×