Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жаш талант: Волейболчу Мадина мелдешке бара жатып бузулуп калган автобусту түртүүгө мажбур болгон (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 19 жаштагы тургуну Мадина Нурбек кызы 7 жылдан бери волейбол ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Спортчу кыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Мадина учурда Кыргыз улуттук университетинде 2-курста окуп жатат. Спорт менен 7-класстан тарта машыгып, анын ичинде волейболго кызыгуусу арткан. Жыйынтыгында 8-класстан тарта мектептин волейбол боюнча курама командасына кошулган.

«Нурбек Кожокулов агай мектепке дене тарбиячы болуп киргенден тарта волейбол ойноп, спортко болгон кызыгуум арта баштады. Сабактан тышкары агай бизди машыктырды. Курама командага кошулганда волейболду мыкты ойногон эжелерди көрүп, аракеттендим. Убакыттын өтүшү менен бир нече жолу "Мыкты оюнчу" наамына татыктуу болдум. Курама командабыз менен бирге район арасында, коңшу айылдарда өткөн мелдештерде алдыңкы орундарды багындырдык. Чолпонбай айылынын волейбол боюнча курама командасы 2013-жылы түзүлгөн. Ушул эле жылы Шекер айылында, 2015-жылы Таласта өткөн спартакиадада 2-орунду алдык. Бул биздин эсибизде калган эң чоң ийгилигибиз болду. Андан кийин 2017-жылы Талас облусунун курама командасы түзүлүп, республикалык деңээлдеги мелдештерде ийгиликтерди жараттык. Азыркы учурда да машыгууну үзбөй, спорт жана дене тарбия академиясында машыгып жатам. Ата-энем волейбол ойноого каршы болбойт. Себеби алар менин кызыгуумду, аракетимди байкап, колдоо көрсөтүп жатышат», - деди ал.

Мадина Ысык-Көлдөгү мелдешке бара жатканда автобус бузулуп, кыздар менен аны түртүп чыгарууга аргасыз болушкан.

«Командабыз менен бирге Ысык-Көлдөгү спартакиадага бара жатканда кар жаап, жол тайгак болуп, автобус бузулуп калган. Ызгардуу суукта кыздардын баары автобусту түртүүгө мажбур болгонбуз. Бир чети күлкүбүз келсе, бир чети ызаланганбыз. Азыр эстесем бактылуу күндөрдүн бири болгон экен.

Дагы бир окуя тууралуу айтып берейин. Мен курама командага эрте кошулгам. Ошондуктан агайлар, башка команданын оюнчулары мени 1998-жылы төрөлгөн деп ойлошуптур. Мелдештердин биринде агайлар "сен былтыр окууну бүткөнсүң" деп ызы-чуу чыгарып, "мелдешке катышпайсың" дешти. Жыйынтыгында 11-класса окуй турганымды далилдеп, мелдешке катышкам. Келечекте өз кесибимдин мыктысы болгум келет. Ата-энемдин ак сүтүн актап, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошсом дейм», - деди ал.

Спортчу кыз үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 819
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×