Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Айыл турмушу: Кыз менен күрөшкө түшкөн С.Искендеров тиши түшүп калып уят болгон (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 18 жаштагы тургуну Сейитбек Искендеров эркин күрөш боюнча бир нече кубок жана медалдардын ээси. Балбан менен аймактык кабарчы таанышты.

Сейитбек 2000-жылы 26-августта аталган айылда төрөлгөн. Ал 2007-жылы А.Мадымаров атындагы орто мектептин босогосун аттаган. Окуп жүргөндө айылда спорт зал ачылып, ал жерде эркин күрөш менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерге жеткен.

«Мектепти 2016-жылы аяктап, Таластагы окуу жайга сырттан тапшырдым. Албетте, жашоодо ар кандай кырдаал болот. Мен да элге окшоп, тиричилик кылуу үчүн борборго келдим. Эки жыл иштеп, учурда "Ош" базарында эт сатам. Адал эмгектин уяты болбойт дегендей эмгектенип жатам. Бирок машыгууга да убакыт таап, учурда кыргыз күрөш менен алекмин. Жыйынтыгы жаман эмес, кудайга шүгүр. Ар бир ийгилигимди ата-энеме арнайм», - деди ал.

Спортто ар кандай учур болорун айткан Сейитбек: «Бир жолу мелдешке эч кандай ыкма билбей катыштым. Саяна аттуу кыз менен күрөшүп, жыгылганда бетим менен түшүп, тишим кыймылдап калган. Эки-үч күндөн кийин тишим түшүп калып, баарына күлкү болгом. Албетте жигит болгондон кийин намыстанып, машыгууну күчөттүм. Андан кийин Саяна менен кайра күрөшүп, аны жеңип алгам (күлүп).

Атам мага "күрөштүн келечеги бар" деп колдоо көрсөтүп, мелдештерге катыштырып жүрдү. Атамдын ишеничин актаганга аракет кылып жатам. Келечекте көптөгөн ийгиликтерге жетишсем деген ишеничтемин. Атам мага ишенсе, мен өзүмө ишенем», - деди.

Балбан үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 750
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×