Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 07.08.2018 08:24 На русском

Эгиздер: Кара-бууралык Шахназ менен Дилназды көпчүлүк эже-сиңди деп ойлошот (сүрөт)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Кара-Буура районунун Арчагул айылынын тургундары Шахназ менен Дилназ. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Эгиз кыздардын апасы Венера Опобекованын айтымында, Шахназ менен Дилназдын ортосунда 20 мүнөт айырмачылык бар.

«Кыздарымдын эгиз экенин кош бойлуулуктун 7-айында УЗИге барганда билгем. Башында кубанып, ишене алган жокмун. Андан кийин үйгө келип, жолдошума айтсам 1-2 ай майрамдап жүрдү (күлүп). Дилназ 3 кг, Шахназ 2 кг болуп төрөлдү. Дилназ улуусу, экөөнүн ортосунда 20 мүнөт айырма бар. Экөөнү багуу абдан оор болду. Көбүнчө кызым Тамара жардам берди. Экөө кичине кезинде эле окшош эмес болчу, азыр да окшошпойт. Аттарын жеңеси койгон. Азыр алардын аттарын алмаштырып айтып алабыз. Дилназ кичине кезинде бейбаш болсо, Шахназ жоош болчу. Эгиз кыздарымдан тышкары 3 уул, 2 кызым бар. Эгиздер бир туугандардын ичинен кичүүсү», - деди ал.

Алардын атасы Сүйүндүк Шабиров: «Эгиз кыздарым төрөлгөндө абдан кубангам. Жубайым УЗИге барып келгенде эгиз экенин билип, алар 2 жашка чыкканга чейин сүйүнүп жүрдүм. Эгиздерди багуу оор болот экен. Алардын бирин мен карап жүрдүм. Кичинекей кезинде экөөнө бир чыгырык жасап берип койсом, аны талашып урушушкан. Учурда экөөнө окшош эмес кийим алып келсек талашпайт, окшош алып келсек талашат», - деди.

Эгиздер 2007-жылы 2-июнда төрөлгөн. Алар 4-классты аякташты.

Дилназ: «Мектепте аттарыбызды алмаштырып алышат. Мага адабий окуу жана математика жагат. Келечекте дарыгер болуп, бейтаптардын ден соолугуна кам көргүм келет. Биз жумуш жасаганда бири-бирибизге абдан атаандашабыз. Тапшырма аткарганда кээде Шахназ биринчи бүтүрсө, мен көчүрүп алам. Мен аткарсам, Шахназ көчүрүп алат», - деди.

Шахназ: «Бизди эч ким эгиз деп ойлобойт. Көбү эже-сиңди деп ойлошот», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×