Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 07.08.2018 09:56

Таластагы «Манас» музейинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата экспозициялык бурч ачылды (сүрөт)

Turmush -  Талас районунда жайгашкан «Манас Ордо» комплексинин «Манас» музейинин биринчи кабатында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата эки бөлүктөн турган экспозициялык бурч ачылды. Бул тууралуу аталган комплекстин илимий кызматкери Бообек Тулкубаев билдирди.

Анын айтымында, бурчтун биринчи бөлүгүндө жазуучунун өмүр таржымалы, басып өткөн жолу жазылган маалыматтар жана китептери орун алган. Ал эми экинчи бөлүккө «Чыңгыз Айтматов кылым адамы» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү, «Манас» эпосу тууралуу айткан цитаталары жана чыгармачыл адамдар, окумуштуулар менен түшкөн сүрөттөрү коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×