Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 07.08.2018 12:49 На русском

Сүрөт — Таластагы Алмалуу-Тоодо 10 күн мурун тутанган өрттү өчүрүү улантылууда

Turmush -  Талас облусунун Манас районунун аймагындагы Алмалуу-Тоодо жекшемби күнү кайрадан тутанган өрттү өчүрүү иштери улантылып жатат. Өрт өчүрүү иштерине ыкчам көзөмөл жүргүзүү максатында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жерине барды.

К.Ахматовдун айтымында, өрттү өчүрүүгө ӨКМден 165 кызматкер, жергиликтүү тургундар, токойчулар жана экология кызматкерлери тартылды. Өрттүн кесепетинен болжолдуу түрдө 2000 гектар жердеги куураган чөп күйүп кетти.

«Биз 3 күндөн бери бул аймакта түнү менен күзөттө турабыз. Себеби өрт түн ичинде болгон шамалдан тутанууда», - деди К.Ахматов.

Буга чейин 28-июлдан бери Талас облусундагы Алмалуу-Тоодо чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жатканы маалымдалган.

ӨКМ билдиргендей, 31-июль күнү саат 07:00дө Манас райондук №100 өрт куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу жана токой чарбасынан 12 кызматкер жөнөп кеткен. Ошондой эле саат 10:30да аларга Жайылган айылынан 15 адам кошулган. Казакстан менен чектешкен аймактагы Алмалуу-Тоодо куураган чөп 28-июлда өрттөнүп баштаган. Ошондон бери өрт өчүрүлүп, кайра тутанып жаткан. 29-июлда саат 19:30да өрт толук өчүрүлгөн, бирок 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 га куураган чөп күйүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×