Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 07.08.2018 22:37

Тарыхчы М.Тур «Манас Ордо» комплексине орто кылымдарга таандык 118 экспонат тапшырды (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас Ордо» комплексине Кара-Буура районунун тургуну Михаил Тур орто кылымдарга таандык 118 экспонат тапшырды. Бул тууралуу аталган комплекстин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Тур Михаил Феодорович кесиби боюнча сүрөтчү, тарых адистиги боюнча илимий кызматкер. Ал Кыргызстанда тарыхчы-археолог катары белгилүү. Окуучулар менен (жаш археологдор уюму) өзү жашап жаткан аймактагы эстеликтерди изилдеп, археологиялык казуу иштерин жүргүзгөн. Анын негизинде мектепте тарыхый-археологиялык музей ачылып, миңден ашуун экспонаттар коюлган. Алардын арасында I-V кылымдарга таандык арча табыт, мамонттун мүйүзү жана сейрек кездешүүчү буюмдар бар.

М.Тур буга чейин да «Манас Ордо» комплексине тарыхый экспонаттарды тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×