Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 08.08.2018 13:44

Тилсиз жоо: Алмалуу-Тоодогу өрттү өчүрүүгө 500дөн ашык адам тартылды

Turmush -  Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу-Тоо жайлоосундагы тоо этектеринен чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстан менен чектешкен аймакта чыккан өрттү өчүрүүгө бүгүн, 8-августта ӨКМден 232 куткаруучу, РИИБден 5 кызматкер, РЭТ мекемесинен 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 210 адам, жалпы 513 адам тартылды.

Ал эми Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 177 адам (Жамбыл облустук ӨКМ департаментинен 90 кызматкер, токой чарбасынан 87 адам) жана 1 тик учак тартылган.

Кечээ, 7-августта өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун тапшырмасынын негизинде жерине кошумча 67 куткаруучу Жалал-Абад облусунан чакырылган.

Өрт кечээ саат 21:30да чектөөгө алынган. Өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана байкоо жүргүзүү үчүн ӨКМден тартылган жалпы өздүк курам (232 адам) жеринде нөөмөттө калышкан.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары жүрүп жатат.

Өрттү өчүрүү аракеттерин көрүп жаткан адамдарга Кызыл ай коому тарабынан суусундуктар жана нан жеткирилгенин аталган коомдун Талас облусундагы жетекчиси Дилдекан Шадыбекова билдирди.

«Өрттүн тутанганына 11 күн болду. Өрт өчүрүүчүлөргө жарма, суусундук, нан жеткирип бердик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×