Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Таласта эмчек эмип жаткан бала тумчугуп калган

Turmush -  Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы Талас шаарында дагы уюштурулду. Саламаттыкты сактоо боюнча облустагы координатор Аттокур Шадиевдин айтымында, иш-чара кечээ, 7-августта үй-бүлөлүк медицина борборунда уюштурулган.

Анын жүрүшүндө эмчек эмизген энелерге, ооруканадагы бөлүмдөрдө жаткан кыз-келиндерге эмчек эмизүүнү даңазалаган сабактар өтүлдү. Ошондой эле медицина борборунун адистери менен чогуу борбордук аянтта парад уюштурулуп, Кызыл ай коому тарабынан 30дан ашык энелердин катышуусунда флешмоб көрсөтүлдү.

Ал эми ишенимдүү булактар аркылуу маалым болгондой, Таласта 2018-жылдагы жарым жыл ичинде 1 наристе эмчек эмип жатканда тумчугуп калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2418
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×