Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 08.08.2018 16:21

Айыл турмушу: Жаш калемгер Гүлзада таластыктарды «мактанчаак» дегендерге ыр менен жооп кайтарган (видео,сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылынын 19 жаштагы тургуну Гүлзада Бакаева 100дөн ашык ырдын автору. Ал 9-классынан бери ыр жазып келет. Акын кыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш акын И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык укук билим берүү бөлүмүнүн 3-курсунун студенти. Бала кезинен бери эле адабиятка кызыккан.

«Жаратканым талант берсе, анда ага түрткү берүүчү нерселердин кереги жок. Апам мага күнүгө кечинде ырдап берчү, ал ырлардын сөздөрүн бат эле жаттап алып, ырдап жүрдүм. Ырдын тексттине көп көңүл бөлчүмүн. Сөздөрдүн мааниси, уйкаштыгы мага аябай кызык болчу. Ал эми эң алгачкы ырым 7-апрель жөнүндө жазылган. Учурда 100дөн ашык ырдын авторумун. Көбүнчө айланам тынч болуп, көңүлүм жайдары болгон учурда ыр жазгым келет. Кээде коомдо кандайдыр бир маселе жаралып, талкуу болгондо ошол темада да жазып калам. Таластыктарды "мактанчаак, өпкө" деп көп айтышат. Аларга жооп катары "Таластын өпкөсү" деген ырымды жазгам. Бул ырым коомчулукта көп талкууланып, телевидениеге да тартылгам.

Ушул жылдын март айында Талас облустук Аман Токтогулов атындагы китепкананын сунушу менен ырлар жыйнагымды чыгардым. Улуу муундагы акындар, окурмандар келишип, сунуштарын, ой-пикирлерин, каалоолорун айтып кетишти. Учурдан пайдаланып китепкананын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем.

Алдыда дагы ырларды жазам. Келечекте жазма акындардын катарын толуктап, кыргыз адабиятына өз салымымды кошкум келет», - деди ал.

Жаш акындын калемине таандык ырлар:

Урпактарга кантип жооп кайтарабыз?

Эртени жоктой теңсинбей элибизди,
Ээси жоктой тебелеп жерибизди.
Каалагандай казып жүрөт эрки менен,
Талкалап байлыгыбызды, кенибизди.

Каза берсе тоолордон айрылабыз,
Мөңгү жок кышыбызды жай кылабыз.
Жерибиз жок, кенибиз жок, тоолор да жок,
Мына ошондо канатыбыздан кайрылабыз.

Көргөн кезде көңүл ооруп азап жейбиз,
Каза берсе калабыз го туулган жерсиз,
Бүгүн мейли, эртең мейли дагы казат,
Улуу элбиз, урпактарга эмне дейбиз?

Меймандоспуз, орното албай катуу талап,
Бүгүн төртөө, эртен колун бешөө салат.
Жарымын сатсак, жарымын казса башкалар,
Айткылачы кыргыз жерден эмне калат?

Урпактарга кантип жооп кайтарабыз,
Калбай калса жерибиз кайталангыз,
Жарымын саттык, жарымын казды башкалар деп,
Кантип, кантип уялбай айталабыз,
Урпактарга кантип жооп кайтарабыз ?

Узагым келбей

Узаткым келбей, узагым келбей жаныңдан,
Жолугуп кайра узаткан күндөн сагынам,
Себепчи өзүн өзгөртүп жакшы баштоого
Жашоомдун эски барагын кайра жаңыдан.

Кезигип сага, сүйүүгө дагы кабылдым,
Даамын билдим таттуусун билдим сабырдын,
Кайгылуу ырлар жүрчү эле бүтпөй аягы,
Башаты болдуң көңүлдүү шандуу жаңы ырдын.

Таанышкан күнүм кетпеди эстен баягы,
Уланып келет кызыктуу сүйүү баяны.
Капкара чекит коюлуп көңүл калтырган,
Болбосо экен ак сүйүүбүздүн аягы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×