Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 08.08.2018 23:34

Айыл турмушу: Түнү менен күрөшүп, 1-орунду алган Талгат учурда балбан кыздарды машыктырат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Чоң-Коргон айылынын 26 жаштагы тургуну Талгат Кутманбек уулу күрөш боюнча ийгиликтерди жаратып, учурда дене тарбиячы болуп эмгектенүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалим 1992-жылы 21-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Ал Бишкек шаарындагы спорт мектепти окуп бүтүргөн. Күрөш менен 7-8-класста окуп жүргөндө машыгып баштаган.

«Эң биринчи жолу мектептер арасында өткөн таймашка, тактап айтканда Бакай-Ата районунун биринчилигине катышып, 1-орунга ээ болгом. Ал мелдеш түнү менен уланып, таңкы саат 06:00дө үйгө кайтканбыз (күлүп). Ал учурда 9-класста окучумун. Мындан тышкары 2011-2012-жылдары облустук деңгээлде өткөн таймашта 1-орунду, Искак Тыналиевдин элесине арналган мелдеште 3-орунду багындыргам. Биз окуп жүргөн мезгилде айылда спорт зал жок болгондуктан өз алдымча үйдө машыкчумун. 2010-жылы атам айылга спорт зал ачып, андан кийин машыктыруучулар менен машыгып калдык. 2012-жылы билим алуу максатында күрөш менен машыгууну токтоттум», - деди ал.

Талгат 2016-2017-жылдан тарта Токтогул Чолушев атындагы орто мектепте дене тарбиячы болуп эмгектенип баштаган. Бул кесип аркылуу окуучуларына ийгиликтерди багындырууга жардам кылууну максат кылат.

«Кол алдымда Адинай Кубанычбекова жана Гүлмайрам Абдыкеримова аттуу кыздар машыгат. Алар 3-классты аякташты. Алар жакында эле Казакстандын Шымкент шаарында өткөн мелдеште биринчиликти алышты. Адинай эми күрөш боюнча өлкө биринчилигинде күч сынашат. Ошондой эле Японияда өтө турчу мелдешке 5-6 кызды даярдап жатабыз. Келечекте бүткүл Кыргызстан сыймыктанган машыктыруучу болгум келет», - деди ал.

Машыктыруучунун жубайы Бермет Абдыжапарова үй кожойкеси. Жубайлардын 1 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×