Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 09.08.2018 12:37 На русском

Жеңеке: Кара-бууралык жигит турмуш кура турган кызынан баш тартып, көпчүлүк Шахзодага окшоштурган Алтынайга үйлөнгөн (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылына келин болгон 27 жаштагы Алтынай Абдыжапар кызы. Жолдошу аны бир көрүп жактырып калганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Алтынай жеңе 1991-жылы 1-октябрда Нарында жарык дүйнөгө келген. Жогорку окуу жайда программист адистиги боюнча билим алган. Ал 2012-жылы Сатыкей айылынын тургуну Түгөлбай Куттубаевге турмушка чыккан.

«Жолдошум менен күтүүсүз жерден таанышып калгам. Бөлөм конокко чакырып, Түгөлбай экөөбүз ал жерден таанышканбыз. Ал мени бир көрүп жактырып калганын айтып калат. Ошол күнү жолдошум сүйлөшкөн кызына үйлөнмөк экен. Анын жакын досу "Шахзодага окшош татынакай, адептүү кыз бар, таанышып көр" деп сунуштаптыр. Ошентин экөөбүз таанышып, 2012-жылы баш коштук. Анын ак көңүлдүүлүгү, боорукерлиги жагат. Сыркоолоп калган учурларда "дары ичип, ден соолугуңа кам көр" деп, маанайым жокто кызыктуу окуяларды айтып берип, маанайымды көтөрүүнүн айласын табат. Ал мени "Шахзодам, сулуум" деп эркелетет», - деди жеңеке.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келген учурдагы кызыктуу окуялар менен бөлүштү.

«Өзүм нарындык болгондуктан, кайненем беш бармак бышыра алат деп ойлоптур. Негизи камыр тууралуу түшүнүгүм жок болчу. Кайненем алыс жолдон коноктор келе жатканын айтып, "тамак асып кой" деди. Этти асып коюп, камыр жуурудум. Коноктор келгенде апам камырды көрүп, "камыр жууруганды билбесең эскертпейт белең" деп кайра өзү жууруган. Себеби мен нандын камырындай жууруп, ачытып койгон элем. Ошол күн такыр эсимден кетпейт», - деди ал.

Жеңеке 2017-жылдан бери Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы мектепте информатика сабагынан мугалим болуп эмгектенип жатат. Мугалимди өзбекстандык актриса, ырчы Шахзодага окшоштургандар көп.

«Курбуларым, туугандарым, окуучуларым ырчыга көздөрүм, чачым, келбетим окшош экенин көп айтышат. Бир күнү окуучуларым мени Шахзодага окшоштуруп, жылуу сөздөрү айтып кубантышкан эле. Үйгө келип күзгүгө каранып, чынында эле окшош жактарыбыз бар экен деп калгам (күлүп)», - деди ал.

Жолдошу Түгөлбай 28 жашта, ал айдоочу болуп эмгектенет. Жубайлар 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×