Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Таластын тургуну жер айдап жатканда таап алган балбал ташты музейге тапшырды (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас Ордо» комплексинин «Манас» музейинин фондуна Тахир Мусабаев аттуу тургун VI-VIII кылымдарга таандык балбал ташты өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган музейдин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Анын айтымында, балбал таш Манас районунун Жайылган айылынын тургуну Т.Мусабаев жер айдап жаткан учурда соконун тишине илинип калган. Ал таштын өзгөчөлүгүн сезип, үйүнө алып барган.

«Музейдин илимий кызматкерлери ташты кечээ, 8-августта алып келип, музейдин алдындагы ачык асман таш эстеликтеринин катарына кошту. Таштын узундугу 43 см болсо, туурасы 21 см түзөт. Т.Мусабаевге окшоп тарыхты сыйлаган адамдар элдик мураскерлердин катарын толуктоодо. Аларга ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 719
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×