Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Айыл турмушу: Мээрман айым Э.Айтымбетова жаңы иштеп баштаганда үйүнө ыйлап келген (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 43 жаштагы тургуну Элиза Айтымбетова 20 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Ал 2 кыз жана 1 уулдун апасы. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Э.Айтымбетова Талас районуна караштуу Орто-Арык айылында 1975-жылы жай айында төрөлгөн. Апасы ооруканага жетпей, үйүнүн короосунда төрөгөн. Мектеп жашына чейин жайлоодо ата-энесинин колунда табияттын койнунда чоңойгонун айткан каарманыбыз окуучулук кезде ыр жазчу.

«Мектепте окуп жүргөндө жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын болчу. Ак халатчандарга арнап жазган ырым азыркы учурга чейин сакталуу. 1992-жылы мектепти аяктап, 1993-жылы Талас шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырдым. Аны 1995-жылы бүтүрүп, медайым кесибине ээ болдум. Бул кесипти тандоомо Лида аттуу сулуу мээрман айым себеп болгон. Ал бизге ийне сайчу. Аны туурап, кошуна балдарга тикенекти ийне кылып сайчумун. 1998-жылдан тарта Талас шаардык эмканасында эмгектенип келем. Медицина тармагында иштегениме 20 жыл болду», - деди ал.

Мээрман айым жумуш учурунда болгон кызыктуу окуяларды айтып берди. Анын биринчи иш күнү жаз айына туш келген.

«Алгачкы жумуш күндөрдө колума журнал карматышып, тургундарды каттоого алганы жөнөтүшкөн. 3 күн тынбай көчө кыдырып жүрүп, бут кийимимдин таманы түшүп калып, үйгө араң жеткем. Ал учурда автобустар аз эле. Бир күнү эл кыдырып жүрүп бир үйдүн дарбазасын тыкылдатсам, ит чыга калып, кууп жөнөдү. Аны колкап менен чаап качып кетип, үйгө колум тоңуп ыйлап баргам.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларды бир айга чейин көзөмөлдөп турчубуз. Бир күнү кычыраган кышта ымыркайдын абалын текшергени барсам чоң атасы "күнүгө эле көчөдө жүрөсүң, үйүңө отуруп уй саабайсыңбы, менин келиним уй саап жатат, сага жолукпайт" деп кууп жиберген эле (күлүп)», - деди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1031
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×