Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

«Мекендештер»: Германияда окуп жаткан Насип Кыргызстанда альтернативдик энергетиканы өнүктүрүүнү көздөйт (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 22 жаштагы тургуну Насип Турарбеков Германиянын Гамбург шаарындагы университетте акысыз билим алууда. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Насип жогорку окуу жайда альтернативдик энергетика боюнча магистратурада окуп жатат. Ал магистратураны ушул жылдын сентябрь айында окуп бүтүрөт. Бишкектеги И.Раззаков атындагы техникалык университеттин кыргыз-герман факультетин аяктагандан кийин 2017-жылы Гамбург шаарындагы Hanburg окуу жайынын альтернативдик электр булактары факультетине тапшырган. Университетте акысыз окуп, 800 евро стипендия алат.

«Алган стипендия бул жактагы жашоомо жана саякаттоого жетет. Жаңы келгенде тилден бир аз кыйналдым. Университетти таппай, адашып кеткен күндөрүм да болду. Окуу жайда кызыктуу күндөр көп болот. Кыргызстанды таанытуу боюнча 3 күн бою презентациялык иш жасап, айтып бергем. Ага катышкандар Кыргызстанга кызыгып, барып көрүп келгендер да болду.

Германияда бардыгы өз убактысында болгону жагат. Алар тазалыкка абдан көңүл буруп, айлана-чөйрөнү таза кармашат. Ошондой эле адамдардын бири-бирине жасаган мамилесин жактырам. Келечекте билимимди өзүмдүн мекениме жумшагым келет. Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылам», - деди Н.Турарбеков.

Насип үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 392
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×