Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Баткен 10.08.2018 22:12

Айыл турмушу: Баткендин К.Нишанова өстүргөн гүлдөрүн 3000 сомго чейин баалап сатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарынын 58 жаштагы тургуну Калча Нишанова бөлмө гүлдөрүн өстүрүп, 1,5 миң сомдон 3 миң сомгой чейин баалап сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каармандын айтымында, жолдошу да гүл өстүрүүгө кызыгат. Өзү бала кезинен бери гүл өстүрүп, үй жумуштарынан бошогондо гүлдөргө кам көрүү менен алек.

«Көп жылдардан бери бөлмө гүлдөрүн өстүрүп келем. Базардан, тааныштардын үйүнөн жакшы гүл көрсөм, дароо алып келип отургузуп коем. Кыздарыма да гүлдөрдү белекке берем. Учурда гүлдөрдү бийиктигине жана салмагына карап 1500-3000 сомго чейин баалап сатып жатабыз. Гүлдөрдүн эң бийиги 3-5 жылдан бери өсөт. Көбүнчө кеңселерге, дүкөндөргө ылайыктуу гүлдөр бар», - деди ал.

К.Нишанова Өзбекстандын Фергана облусунда чоңойгон. Жолдошу Абдиманнап Нишанов экөөнүн баш кошконуна 40 жылдын жүзү болду. Учурда 2 уул, 2 кыз жана 10 неберенин сыйын көрүп, бактылуу өмүр сүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×