Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусу 11.08.2018 11:36

Таластагы рейдде унааны мас абалда башкарган 2 айдоочу кармалды (сүрөт)

Turmush -  Талас облусунун аймагында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Пешеход» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө 500 сом айып салынары түшүндүрүлүп, жалпы 108 адамга протокол түзүлдү. Анын ичинен мас абалда унаа башкарган 2 айдоочу кармалган. Ошондой эле унаасын караңгылатып алган 1 айдоочу, жол чийиндерине баш ийбеген 2 айдоочу, айдоочулук күбөлүгү жок 1 адам жана тиешелүү документтери жок 2 айдоочу токтотулуп, унаалар айып аянтчасына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×