Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуБакай-Ата району 14.08.2018 10:30

Бакай-Атанын Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп М.Ызабеков шайланды

Turmush -  Кечээ, 13-августта Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Медеркул Ызабеков шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жергиликтүү кеңештин депутаттары буга чейинки айыл өкмөт башчы Майрамбек Жумабековго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетиришкен. Ал эми кечээ өткөн шайлоодо мурдагы айыл өкмөт башчысы Медеркул Ызабековду айыл өкмөт башчылыгына шайлашты.

Аталган кызматка 2 талапкер ат салышкан. Шайлоого жергиликтүү кеңештин 11 депутатынын тогузу катышып, анын ичинен 8 депутат Медеркул Ызабековдун талапкерлигин колдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×