Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.08.2018 10:16 Жаңыланды: 27.11.2018 12:05

Эл ичи — өнөр кенчи: Бакай-аталык М.Жээнбеков кыргыз күрөшү боюнча 30 медалдын ээси (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында чоңойгон 22 жаштагы Малик Жээнбеков үй-бүлөсүнүн каршылыгына карабастан кыргыз күрөштү таштабай, бир топ мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. Аймактык кабарчы балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкектеги университетте экономикалык багытта билим алууда.

«Кыргыз күрөш менен 8-классымдан бери машыгып келем. 8 жыл аралыгында 30 медаль жана 7 кубокко ээ болдум. Күрөшкө досторумду көрүп кызыгып калгам. Үй-бүлөм башында каршы болушкан. Себеби атам жаш кезинде футбол ойночу экен. Мага да «күрөштү эмне кыласың, футбол ойно» деп жүрдү. Кээде машыгууга да жөнөтпөй коюшкан күндөрү да болгон. Бирок азыр каршы эмес. Менден кийинки иним да кыргыз күрөш менен машыгат.

Эң чоң ийгилигим 2014-жылы болгон. Ал кезде 11-классты жаңыдан аяктап, Бишкекке келип машыкканыма 3 ай болгон. Хан Кошой аттуу эл аралык турнир өттү. Ал мелдеште 1-орунга атайын кемер жасалган эле. Мен ошол кемерди жеңип алгам», - деди ал.

Балбан жигит мындан тышкары спортто эсинде калган окуяны эскерди.

«2014-жылы Жалал-Абадда окуучулар арасында спартакиада өткөн. Ошол жакка барып, таразага түштүк. Агайларыбыз «ашканадан өзүңөр тамак ичип алгыла» деп акча калтырды. Эртең менен туруп, бардык балдар кафелердин бирине бардык. Ал жерде тамак аябай арзан экен. Таң калып лагман, шашлыктан тойгончо жедик. Анан эле күрөш болгон жака келсек мелдеш башталып калган экен. Биз болсок аябай тоюп алгандыктан биринчи айлампада бардыгыбыз утулдук. Экинчи айлампада жыгылсаң мелдештен четтетилип каласың. Экинчи айлампада бардыгыбыз кайрадан жеңишке ээ болуп, байгелүү кайтканбыз. «Арзан тамакка тоюп алып утулганбыз» деп ошол окуяны азыр да эстеп калабыз», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×