Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 22.08.2018 15:52

Кара-бууралык М.Өмүралиев чоң атасынан мураска калган илгерки буюмдарды музейге өткөрүп берди (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кара-Суу айылынын жашоочусу Мирлан Өмүралиев «Манас Ордо» комплексинин музейине өзү сактап жүргөн илгерки буюмдарды өткөрүп берди. Бул тууралуу «Манас» эпосу музейинин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Анын айтымында, бул буюмдар анын чоң атасы Маткерим уулу Моолон аксакалдан мураска калган.

«Чоң аталарынан калган байыркы буюмдарды көздүн карегиндей сактап, музей фондусуна өз ыктыяры менен өткөрүп берген Маткеримов Сапар менен Өмүралиев Мирланга музейдин жамааты терең ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×