Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуМанас району 31.08.2018 09:40

Манастын Покровка айыл аймагы «Эң мыкты айыл өкмөт» сынагында 3-орунду алды

Turmush -  Манас районунун Покровка айыл аймагы республикалык «Эң мыкты айыл өкмөт» сынагында 3-орунду алды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жеңүүчүлөргө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 28-августта сыйлыктарды тапшырды. Жалпысынан сынакка 13 айыл өкмөт катышкан. Алардын ичинен Покровка айыл өкмөтү 3-орунду алып, 500 миң сомдук акчалай сыйлыкка ээ болду. Сынак 2017-жылдын жыйынтыгынын негизинде уюштурулду.

Жыйынтыгында 1-орунду Жайыл районундагы Суусамыр айыл өкмөтү (1,5 млн сом), 2-орунду Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтү (1 млн миң сом) ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×