Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуМанас району 12.09.2018 12:37

Покровка айылындагы көчөлөргө отургучтар жана таштанды урналар орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 11-сентябрда Манас районунун Покровка айылындагы көчөлөргө отургучтар жана таштанды урналар орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын башчысы Акназар Жалилов билдирди.

Анын айтымында, айылга 12 даана отургуч жана 24 таштанды урнасы коюлду. Алардын ар бири 5 миң сомго бааланат.

«Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында карылардын жана жаштардын эс алуусу үчүн отургучтарды орноттук. Мындан тышкары тазалыкты сактоо максатында таштанды салуучу урналарды да койдук. Каражат айыл өкмөттүн бюджетинен жана демөөрчүлөр тарабынан бөлүндү», - деди А.Жалилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×