Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуМанас району 24.09.2018 16:39

Жеңеке: Жазгүл жеңе жашын укканда «чоң ата кыламбы» деп ыйлаган жигитке баш кошуп, 3 баланын апасы болду (фото)

Turmush -  Манас районундагы Бала-Саруу айылында жашаган 31 жаштагы Оморкулова Жазгүл жеңе келин болуп келгенде үйүн сагынып ыйлай берчү. Ал эми азыр төркүндөрүнө барса Таласка келгенче шашат. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Москва районунун Беловодск айылында туулган. 5 бир туугандын улуусу. Замирбек Маркашовго турмушка чыгып, Бала-Саруу айылына келин болуп келген. Жолдошу экөө тең билим берүү тармагында иштейт. Өзү айылдагы мектепте 12 жылдан бери кыргыз тилчи мугалим болсо, жолдошу Манас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

«Мен Таласка жээнмин. Апам Таластын кызы. Ошол эле убакта апам менен кайын энемдин аталары бир туугандар. Өзүм орто мектепти аяктагандан кийин Талас шаарындагы медициналык окуу жайда окуп калдым. Өзүм көп бир туугандуу жерге барсам, кайын эжем, кайын сиңдилерим көп үй-бүлөгө келин болсом деп кыялдана берчүмүн. Кыялдангандай жерге туш келдим (күлүп). Жолдошум 12 бир туугандын кенжеси. Чоң үй болгондуктан келген-кеткендер көп болот. Өзүбүз дагы камыр тамакты көп жейбиз. Башында камыр жууруп, жайгандан көп кыйналып жүрдүм. Азыр камыр жайган жагынан алдыма киши салдырбайм. Жолдошум камыр тамагымды сүйүп жейт», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жолдошу экөөнүн ортосундагы 10 жаш айырмачылыкты укканда ыйлаганын эскерди.

«Жолдошумду биринчи көргөндө 2 же 3 баланын атасы окшойт деп ойлоп койгом. Экөөбүздүн таяталарыбыз бир тууган болгондуктан бөлө болобуз. Экөөбүз бири-бирибизди сыртыбыздан эле таанычубуз. Таанышар кезде ал үйүнөн эртең менен саат 10:00до келип, кечки саат 23:00 чамасында таанышканбыз. Мени менен таанышам деп келгенде ак көйнөк, ак шым кийип, чачын кыскартып келсе кайсыл жерден көрдүм эле, аябай тааныш учурап жатат деп ойлогом. Көрсө мени менен таанышам деп жасанып келген экен (күлүп). Мен мурда башкалардын «күйөөсү 4 же 5 жаш улуу экен» десе «өзүнөн анча улууну ата кылабы?» деп таң кала берчүмүн. Экөөбүздүн ортобузда 10 жаш айырмачылык десе «чоң ата кыламбы» деп аябай ыйлаганым эсимден кетпейт.

Ошентип мугалимдердин үй-бүлөсүнө келин болуп келгем. Үй-бүлөдө баары мугалим болгондуктан медициналык окуу жайымды таштаттырып, мугалимдик кесипке окутушкан. Кайын энем мыкты киши эле. Мени жашсың деп билбегенимди үйрөттү. Бир жагынан жумуш кыла албай кыйналсам бир жагынан сөздөрүнүн айырмасынан кыйналып жүрдүм. Кайын энемдин арты менен ушул үй-бүлөгө көндүм. Кээ бир күндөрү үйдү сагынып ыйлай берчүмүн. Ал убакта жолдошум дайыма «баары жакшы болот» деп сооротуп койчу. Азыр болсо төркүнүмө барганда Таласка келгенче шашыла берем. Кайсыл жерге барсаң, ошол жердин ырын ырдап каласың деген сөз бар эмеспи. Үйгө барып калсам таластыктар деп сүйлөшсө талашып-тартышып жатып калам», - деди ал.

Жазгүл жеңе 1 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×