Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 25.09.2018 08:50

Айыл турмушу: Кара-бууралык З.Кабылбеков бир күндө 100дөн ашык кой кырка алат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын 31 жаштагы тургуну Заирбек Кабылбеков бала кезинен бери кой кыркып иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, койлорду бир тууган инилери болуп машинка менен кыркышат.

«Азыркы учурда кой кыркуу мезгили кызуу жүрүп жатат. Кыркын маалы август айынан башталып, октябрь айынын аягына чейин уланат. Кой кыркуу оор жумуштардын бири, белибиз ооруп, буттарыбызга күч келет. Ошондой болсо дагы 1 күндө 130га жакын кой кырка алам. Негизи 1 адам бир күндө 80ге кой кырка алат. 1 кой 50 сомго кыркылат. Айыл ичинде атам жана 3 иним болуп иштейбиз. Чоң атамдар дагы кой кыркышчу экен. Анын жолун жолдодук десем болот. Бул үй-бүлөлүк кичи кесип десем дагы жаңылышпайм. Жүндөрдү кой ээлери алып кетишет», - деди ал.

Аларга башка айылдардан дагы келип, койлорун кырктырып кетишет.

«Кой кыркканды окуучу кезимде эле атамдан үйрөнүм алгам. Инилериме дагы үйрөтүп, көз салып, жардамдашып турам. Анткени туура жана таза кыркуу керек. Эсте калган окуялар болуп турат. Жаңы үйрөнүп баштаганда 1 күндө 100 койду кыркам деп план койдум. Атам жана инимдер түштөнүп жатышса мен теримди агызып, өжөрлөнүп кырка бердим. Бирок ошол күнү кырккан койлорумдун саны 100гө жетпей 99 кой болуп калды. Кээде аппарат бузулуп калат.

Айылдык мектепти аяктап, ветеринардык билимге ээ болуп, мал-жандыктар менен иштеп келем. Үй-бүлөбүзгө киреше ушул жактан дагы келип турат», - деди ал.

Заирбек мырза үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×