Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 25.09.2018 09:51

Менин апам: Кара-бууралык Гүлайда апа кыйынчылыктарга карабай «чоң мамлекет» түздү (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы 87 жаштагы Жуманалиева Гүлайда апа 40 небере, 80 чөбөрөнүн энеси. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында төрөлгөн. 1948-жылы Көк-Сай айылына келин болуп келген.

«Бала чагым Шекер айылында өттү. Анда заман азыркыдай эмес эле, кыйынчылыкты көрүп чоңойдум. Ата-энем чабан кишилер эле, мал багышчу. Мага жакшы тарбия берип чоңойтушту.
8-классты бүтүп, 1948-жылы жолдошумдун орус достору аркылуу турмуш жолун улап калдым. Жолдошум Сатыбалды Жуманалиев аскердик милдетин Германияда өтөдү. Досторунун көпчүлүгү орус улутундагы жигиттер эле. Алар менен мен дагы тааныш элем. Жолдошум аскерден келгенден кийин достору мени ага жолуктуруп, анан баш кошуу үчүн үйүнө алып кеткен.

Келин болуп келгенде дагы жокчулук заман болду. Досторкондо нан, чай болсо шүгүр айтат элек. Кайын эне жана кайын атамдар дагы чабан адамдар болушчу. Иштерине так, берешен адамдар эле. Кайын атам комузда ойноп, ыр курап отурчу эле. Келин болуп келгенде өкмөттүн миңге жакын койлорун бактык. Кайын энем жаргылчак тартып, бир аз ун кылып, камыр тамак жасаганды үйрөткөн. Бир аз ун болсо аны тамак жасаганда гана керектечүбүз. Нан жасаганга жетчү эмес.

Бир күнү «качан көп буудай алып келип, жаргылчакка тартып, нан жасап, курсак тое жейт болду экенбиз» деп айтканымды кайын атам угуп калган экен. 3 чоң баштык буудай таап келип, өзү жаргылчакка тартып берген. Кайын энем экөөбүз сүйүнүп, бир нече нан жасаганбыз. Кайын энемдин айткандарын жасап жүрө берчүмүн. Мени аябай жакшы көрүп, батасын берер эле. Кайсы жерге барбасын мен үчүн 1 кесим нан ала келчү. Жаш балача алдынан чуркап чыгып тосуп алчумун.

Жолдошум менен 50 жыл чогуу жашадым. Эсимде, 40 жашка чыкканда эч кимде жок күмүш билерик белек кылган. Аны азыр дагы сактап келем. Экөөбүз 6 уул, 2 кыздуу болдук. Аларга жакшы тарбия бергенге аракет кылдык», - деди ал.

Гүлайда апа буга катар эле уулдарын үйлөнткөн учурларды эскерди.

«Улуу балам Курманбек үйлөнгөндө там-таш жок болчу, жууркан-төшөк тартыш эле. Биринчи келиндүү болгондо «дасторкондо эч нерсеси жок дебесин» деп айтышпасын деп жаргылчакка буудай тартып, ун бар болгонуна сүйүнүп, камырдан жасалган нан, токоч, таттууларды жасагам.

Экинчи балам Иманбектин келинчеги Апал. Апалдын ата-энеси дагы чабан болгон. Келинибиз тоодон айылга келе жатканда үйгө алып келишкен.

Үчүнчү балам Анарбектин аялы Шарипа. Бул келиним келгенде үй жумуштарынан алыстадым. Аябай жумушка тың болду.

Төртүнчү балам Асылбек Марияга үйлөндү. Мында заман бир топ оңолуп калган эле. «Москвич» деген унаа менен алып келишкен. Ошол күнү жаан жаап, эч ким эшикке чыгып бийлей алышпай, баары үйдө таң атканча ырдай берип, эртеси көптөрүнүн үндөрү чыкпай, тамактары ооруп калган (күлүп).

Бешинчи балам Туратбек Бактыгүл келиним менен баш кошкондо чайдын кайнабай калганын эч ким байкабай калган экен. Жеңелерине муздак чай куюп берип, бетибиз кызарып уялганбыз.

Алтынчы балам Калыбек келиним Чолпонду колдон алып келген. Тойдо сүрөтчү жигит тойдун башынан аягына чейин фотоаппаратка пленкасын салбай эле сүрөткө тартып жүрө бериптир. Кийин билдик (күлүп).

Келиндеримдин кичүүлөрүнө сайма сайып, шырдак шырганды үйрөтө алган жокмун. Бирок насааттарымды, кеп-кеңештеримди угушуп, турмуштарында колдоно алышты. Кыздарым дагы үй-бүлөлүү болушту. Уул-кыздарымдын, келиндеримдин ысык чайын ичип жүрөм. Баарыбыз чогулганда чоң мамлекет болуп калабыз. 2 жыл мурун «Баатыр эне» төш белгисин алдым. Учурда уул-кыздарымдан 40 небере, 80 чөбөрөм бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×