Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 27.09.2018 12:44 На русском

Жеңеке: Кара-бууралык Анара турмушка чыгып, жолдо келе жаткан учурда 8 унаа кагышкан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы 24 жаштагы Бекманбетова Анара жеңе ар кандай таттууларды жасап сатууда. Аймакты кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Шекер айылында чоңойгон. Кесиби боюнча кыргыз тилчи мугалим.

«Жолдошум экөөбүз алгач телефон аркылуу таанышканбыз. Тааныштардан менин сүрөтүмдү көрүп, номурумду алып чалган. Ошентип сүйлөшүп калдык. 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Кийин жолдошум Москвага кетип, мага сөйкө салып коюшту. Ал жакта 1 жыл иштеп келип эле үйлөндүк. Ошентип Кара Буура районунун Кызыл-Адыр айылына келин болуп келдим.

Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт дегендей баары эсиңде сакталып калат экен. 2013-жылы 16-августта кол менен алып кетишти. Чолпонбай айылынан жолдон кичинекей балдар чачыла үчүн бизди тосуп, унаа айдап бара жаткан бала ылдамдыкты дароо токтотсо 8 унаанын бардыгы биринин артынан бирин сүзүшкөн. Унаалардын айрымдарынын алды жактары талкаланып, ичиндеги кээ бирлери айнекти сүзүшкөн экен. Бирок эч ким жабыркаган эмес. Ошол эстен кеткис күн болгон (күлүп). Үй-бүлөдө кайын атам, кайын энем, кайын агам, кайын эжем, кайын иним бар. Жаңы келгенде жүгүнсөм, алар шок болуп кошо жүгүнүп жиберишчү (күлүп)», - деди ал.

Жеңеке буга катар эле айылда таттууларды жасап иштеп жаткандыгын кошумчалады.

«Бош убактым болсо эле тааттууларды бышырганды жакшы көрөм. Фантазиялап кооздогон аябай жагат. Туугандарга, тааныштарга жасап берем. Кээде буйрутма кылгандарга жасайм. Дүкөндөргө таштайм. Торттун баалары менен кеткен продукциянын эле баасын чыгарам», - деди ал.

Анара айым 2 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×