Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуМанас району 02.10.2018 22:42 На русском

«Жеңеке»: 41 жаштагы Гүлбара жеңе кайненеси берген кызыл жоолукту азыркыга чейин сактап жүрөт (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Май айылынын 41 жаштагы тургуну Гүлбара Теңирбек кызы кайын энесинин кызыл жоолугун азыркыга чейин сактап келет. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Гүлбара жеңе 1976-жылы 30-сентябрда аталган айылда төрөлгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктап, Талас шаарындагы медициналык орто окуу жайда билим алган. Ал эми 1994-жылы Манас районунун Ак-Сай айылына келин болуп келген.

«Жолдошум менен айылдаш эже аркылуу таанышкам. Сиңдимди медициналык окуу жайга тапшыртканы жаткам. Жолдошум айылдаш эженин кайын иниси экен. Сиңдим сынак тапшырганы барганда жолдошум да жумуштары менен ал жерде жүргөн экен. Аталган эже кайын иниси жакшы жигит экенин айтып берди. Ошентип жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштап, бири-бирибизди жакшы таанып, мамилебиз бекемделди. Жолдошум 1993-жылы баш кошууну сунуштап, турмуш курдук. Алтынбек калп сүйлөбөгөн, адилеттүү, чынчыл адам», - деди ал.

Гүлбара жеңе мугалимдердин үй-бүлөсүнө келин болгон.

«Үйлөнгөндөн кийин жолдошум 1-2 жумага жумуштары боюнча кетти. Кайын энем экөөбүз чогуу тамак жасачубуз. Жолдошумду күтүп жатканда убакыт бат өтсүн деп 5 жер төшөк курагам. Жолду карап, абдан күткөм (күлүп). Бирок кайын журт менен 1 айдан ашык убакыт эле жашадык. Таласта иштегендиктен өзүнчө бөлүнүп кеттик. Келиндик кызмат өтөө оңой болгон жок. Себеби үйдө 11 бала бар эле. Чай куйганда чайнекте чай түгөнүп калчу. Кийим көп болуп, аларды жууганча кеч кирип кетчү (күлүп).

Кайын энем мыкты адам эле, баарыбызга тен карачу. Бир нан болсо да тең бөлүп берчү. Анын адилеттүүлүгүнө таң калдым. Ал мага батасын берип, кызындай жакшы көрүп, кызыл жоолук салган. Ошол жоолукту дале колдонуп, сактап келем», - деди ал.

Жеңеке учурда Талас шаардык ооруканасында медайым болуп иштейт. Ал 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×