Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 01.10.2018 12:31

Кара-Бууранын Ак-Жар айылында ФАП ачылды (фото)

Turmush -  29-сентябрда Кара-Буура районунун Ак-Жар айылындагы фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын башчысы Мансур Темирбеков билдирди.

«Мындан 2 жыл мурун курула баштаган ФАП 29-сентябрда пайдаланууга берилди. Андагы медициналык кызматкерлер айылдагы 186 түтүндү тейлөөгө жетишет. Буга чейин ФАП шарты начар жерде кызмат көрсөтүп келген.

Курулушка АРИС тарабынан 2,5 млн сом бөлүнүп берилген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×