Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.10.2018 13:51 Жаңыланды: 01.10.2018 18:22 На русском

Жеңеке: Бакай-аталык Керээзгүл жеңе жаңы келин болгондо «чипполино-буратино» деген жазуулары бар көйнөк кийген (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы 53 жаштагы Шералиева Керээзгүл жеңени башкалар «кайын атасынын кызы» деп коюшчу. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Түйтө айылында чонойгон. Жолдошу Анарбек Дооронов экөө 1973-жылы март айында баш кошушкан.

«Жолдошум экөөбүздүн таанышып калышыбызга кайын атам менен кайын энем түрткү болушкан. Мен Бакай-Атадагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштечү элем. Кайын атам жана кайын энем сыртымдан байкап жүрүшчү экен. Бир күнү кайын атам шекер алганы дүкөнгө келсе шекер салып берип, жылуу узаткан экенмин. Кайын атам үйүнө барып эле жолдошума «дүкөндө бир кыз сатуучу болуп иштеп жүрөт. Ошол кызды алып кел» деп айткан экен. Ошентип жолдошум экөөбүз таанышып, кинолорго барып, сүйлөшүп калдык. Көп узабай эле жүк ташуучу унаа менен алып кеткен. Азыр эстеп күлүп калам, себеби унаанын айдоочусу өзүмдүн кайын агам экен. Үйгө келгенде эле узун, «чипполино-буратино» деген жазуулары бар көйнөк кийгизип коюшкан. Ылдый карап, «чипполино-буратино» деген сөздөрдү ичимден кайталап отура берип, ошол сөздөр мээмде көпкө чейин жаңырып жүрдү (күлүп)», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келин болгон учурдагы эсте калган окуяларды эскерди.

«Үйлөнгөндөн кийин жолдошум автожол техникумуна окуп кетти. Мен кайын ата жана кайын энем менен калдым. Күн-түн дебей жумуш жасап жүрө берер элем. Кайын энем жөнөкөй, жапакеч адам эле. Бир жолу газыбыз жарылып кетип, бутум күйүп калганда кайын энем «кагылайын сага келген оору мага келсин» деп айткан эле. Азыркы учурга чейин кайын энемдин шырдактарын, казанын, кесме кескен бычагын, сөйкөсүн сактап келем.

Мен үйдүн кичүүсү болуп чоңойдум. Үй-жумуштарына басым койбой, сырттагы жумуштарды көп жасайт элем. Атам менен мал базарга чейин барып келип чоңойгом. Ошол адатым келин болуп келгенде дагы калган жок. Кайын атам менен мал базарга барып жүрдүм. Чөп жыйнаса, мен дагы айры алып чөп жыйнаша берчүмүн. Кошуналар кайын атасынын кызы деп калышчу. Башында уялып жүрсөм, кийин көнүп калдым. Чындыгында кайын атам мени өз кызындай көрчү эле. Азыр өзүбүз келин алып, кыз берип, дөөлөттүү карылыкта жашап жатабыз», - деди ал.

Керээзгүл жеңе 3 уул, 2 кыз, 14 небере жана 1 чөбөрөнүн апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×