Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуМанас району 02.10.2018 11:21 Жаңыланды: 02.10.2018 18:45

Жеңеке: Манастык Бүбайша жеңе жаңы келин болгон кезде топ менен терезени талкалаган (фото)

Turmush -  Манас районунун Манас айылындагы 42 жаштагы Молдалиева Бүбайша жеңе жаңы келин болгон учурда кайын сиңдилери менен жашынмак ойночу. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Кеңеш айылында чоңойгон. Кесиби боюнча сүт азыгы боюнча технолог. Жолдошу Станбек Нурманкулов №90 орто окуу жайда мугалим болуп эмгектенет.

«1995-жылы Бишкектеги коммерциялык орто окуу жайды аяктагам. Ошол эле жылы айылыма келсем менин келечегимди, турмуш жолуна аттануумду пландап коюшкан экен (күлүп). Жолдошумдун апасы менен менин апам бир тууган бөлөлөр эле. Экөө макулдашып, биздин баш кошуубузду сүйлөшүп коюшкан экен. Мен жолдошумду мурда таанычу эмесмин. Апаларыбыздын айткандарын угуп, адегенде таанышып, кийин 1 ай өтпөй баш коштук. 1995-жылы 19 жашымда келин болуп келдим. Кайын энемден ала кийиз жасаганды үйрөндүм. Ал ала кийиз жасоонун мыкты чебери эле. Андан башка жумуштарга чоркок болгон жокмун. Себеби үйдүн кичүүсү болгондуктан бардык жумуштарды жасап жүрчүмүн. Кийин кайын энем «өзүңдөн кийинки келиндерге үлгүлүү болдуң» деп атайын өз колу менен койдун терисинен сапаттуу супара жасап берген. Аны ушул күнгө чейин кылдаттык менен колдонуп келем. Кайын энем менен 1 жылча гана чогуу жашадык. Кийин жумушубузга байланыштуу Талас шаарына бөлүнүп кеттик», - деди ал.

Каарманыбыз келин болуп келгендеги кызыктуу учурларды эскерди.

«Үйдө мектеп жашындагы кайын иним жана кайын сиңдим бар болчу. Ошол убакта мен дагы жаш болгон экенмин. Алар менен бирге жашынмак ойночумун. Ары-бери чуркап, шкафтын үстүнө чыга кетип жашынчумун. Ал жоругумду өзүмдүн эжем угуп калып тыйган. Кээде баарыбыз чогулуп калганда ошол күндү эстеп күлүп калабыз.

Бир күнү идиштерди жууп, суусун төгөйүн деп жолдун аркы бетине өттүм. Сууну төгүп келе жатсам короодо кайын инилерим футбол ойноп жатышкан экен. Бир маалда топ жаныма келип калганда, кайын инилерим топту тээп коюшумду суранышты. Мектептеги кезимде футбол ойногондуктан бир тепсем эле терезеге тийип, айнек күбүлүп түштү. Кайын энем чыгып, балдарды урушту. Алар «биз эмес, жеңем тепти» дешсе мен аябай уялгам», - деди ал.

Бүбайша жеңе 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×