Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.10.2018 09:23 На русском

Жаш талант: Бакай-аталык Б.Эгембердиев күрөш боюнча эл аралык таймаштарда медалдарды утууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында чоңойгон 15 жаштагы Бакдаулет Эгембердиев грек-рим күрөшү менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортто жүргөнүнө 7 жыл болду.

«Биздин үй-бүлө спортко абдан жакын. Акем менен атам грек-рим күрөшү боюнча КРдин спорт чеберлери. Акемдин күрөшкөнүн жана жетишкендиктерин көрүп, спортко кызыгып калгам. Күрөшкө акем алып келген. Эң алгачкы жеңишим 9 жашымда болгон. Анда 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн турнирде 29 кг салмакта күрөшүп, 3-орундун ээси болгом. Аябай кубангам. 2018-жылы кадеттер арасында Кыргызстандын чемпиону болдум. Быйыл М.Ахмедов атындагы эл аралык турнирдин күмүш медалынын ээси болдум. Ташкентте өткөн Фаткулин атындагы эл аралык турнирдин коло медалын утуп, кадеттер арасында өткөн Азия биринчилигинин күмүш медалын алдым. Быйыл жаңыдан 71 кг салмакка өттүм. Ага чейин 65 кг салмакта күрөшүп келгем», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар спортто эсинде калган учурларды эскерди.

«Мелдеш учурунда көп эле кызык учурлар болот. Эң жакын досум менен күрөшкөнүм эсимде. Досум жаракат албасын деп абайлап күрөшкөм. Бирок жеңишке мен ээ болгом. Жаңы катышып жүргөн убакта жарым финалдык беттеште атаандашыма утулуп калып, аябай ыйлагам. Атам келип соороткон эле (күлүп).

Машыгууга жумасына 6 күн барып, 3 сааттан машыгам. Машыгуу учурунда кечигип калып, денемди жакшы жибитпей, тиземдин булчуңун катуу чоюп алган элем. Андан кийин 1 жума баса албай жаткам. Бирок машыгууну токтотпой улантып келем.

Алдыда 2024-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин желбиретип алтын медаль алып келсем деп кыялданам», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×