Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 03.10.2018 11:41

Кара-Бууранын Бакыян айылында футбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 2-октябрда Кара-Буура районунун Бакыян айылында маркум Сейитбек уулу Бакыттын жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл башчы Нургазы Асылбеков билдирди.

«Айылдашыбыз, маркум футболчу Бакыт инибиздин жаркын элесине арнап турнир өткөрдүк. Айыл ичиндеги жигиттер чогулуп, 10 команда болуп мелдеш өткөрүштү. Атайын турнирге деп Бишкек шаарында жашап, иштеген жигиттерибиз да келип, катышып кетишти. Ошондой эле туугандары жана 1986-жылы туулган классташтары тарабынан 15 миң сом байге каржыланды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×