Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.10.2018 16:59

Жеңеке: Бакай-аталык Жанара жеңе тоодо жыландан коркуп кыйкырганы кошуналарына чейин угалган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы 36 жаштагы Кененбаева Жанара жеңе жылан менен беттешкен. Аймактык кабарчы женеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Көк-Таш айылында чоңойгон.

«Бала кезимде көпчүлүк убактымды эмгектенүү менен өткөрдүм. Өзүм 11 бир туугандын тогузунчусумун. Улуу эжелеримдин баары турмуш куруп кетишип, мен сиңдилерим менен апама үй жумуштарына, атама сырттагы жумуштарга жардам берип жүрүп, бир кыйла такшалгам. Отун аралап, чөп чаап, талаа иштерин жасачубуз. Ошентсе дагы мектепти ийгиликтүү бүтүрдүм», - деди ал.

Каарманыбыз 1999-жылы жолдошу Жолчун Казыбаевге турмушка чыгып, Кызыл-Октябрь айылына келин болуп келген.

«Менин ата-энем жолдошумдун ата-энесинин талаасынан жер тилке алып иштетишкен эле. Ошол жердеги түшүмдү бакчубуз. Кээ бир күндөрү түштөнүүдө жолдошумдун үйүнө барчубуз. Ошондой учурларда жолдошумду көрүп калчумун. Бирок жолдошум болуп каларын ойлочу эмесмин. Ал болсо мени көрүп, жактырып калган экен (күлүп). Кийин баш кошуп, чогуу түтүн булатып калдык», - деди ал.

Жанара жеңе келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларын эскерди.

«Келин болуп келгениме 1 апта боло элек болчу. Кечке маал электр жарыгы өчүп калды. Нан жасайын деп отурган элем. Үйдө киши көп болгондуктан, эки маал нан жасачубуз. Казанга нан жасаш керек болду. Отту аябай жагып, оттун эптеп көрүнгөн жарыгына нан бышырып, дасторконго койдум. Шам дагы жок болгондуктан, айнектен тийген айдын жарыгына тамак ичип, нан жешти. Бир маалда жарык күйдү. Баарынын ооздору, колдору капкара. Дасторкондогу нандарды карап алып, бекинерге жер таппай калгам. Нандарды аябай күйгүзүп бышырыптырмын. Бала кезимде көп жумуштарды жасап көрсөм дагы казанга нан жасап көргөн эмес экенмин (күлүп). Кийин кайын энем казанга нан бышырганды үйрөттү.

Тоодогу үйдө жүргөнбүз. Тегереги талаа-түз болгондуктан жырткыч жаныбарлар дагы жүрүп калчу эле. Кышкысын карышкыр болсо, күн жылуу мезгилдерде түлкү жана башка жаныбарларды кезиктирүүгө болот. Бир күнү кайын инилерим эшиктин алдында жылан кетип бара жатканын көрүп, үстүнө чылапчынды көмкөрүп коюшкан экен. Мен болсо жыландан аябай коркчу элем. Мага чылапчын керек болуп, байкабай эле ачып жиберсем, жылан башын көтөрө калып бетме-бет тиктешип калганбыз. Ошондогу менин кыйкырган үнүмдүн жаңырыгы коңшуларга чейин угулган экен», - деди ал.

Жанара жеңе 4 кыз, 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×