Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуМанас району 04.10.2018 18:03

Бала тили — бал: Апам жаным го, жаны го деп эркелетет, - 3 жаштагы Раяна (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Манас районуна караштуу Ак-Таш айылында жжашаган 3 жаштагы Раяна Азизбекова.

- Раяна, фамиляңды билесиңби?

- Жок, бибейм.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Чоңойгондо бийлейм.

- Апа деген ким?

- Апа....? Апам Наку.

- Бала бакчага барасыңбы?

- Бабайм, эйтең баям.

- Канча бир туугансың?

- Сиңдим бай, Сумая бай.

- Апаң сени кантип эркелетет?

- Жаным го, жаны го деп.

- Президент деген ким?

- Пздент чоң киши.

- Атаңдын аты ким?

- Сайдай болот (Сардар).

- Атаң кайсы жакта иштейт?

- Атам жумушта иштейт.

- Атаң, апаң көп акча алып келишеби?

- Ооба, анан мага сок алып бейет.

- Доктор деген ким?

- Ал байнисада жүйөт. Сумайага укол саят.

- Кимге окшошсуң?

- Атама окшошомун.

- Жакшы кыз кандай болот?

- Апа тилин угат, бебаш бобойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×