Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 05.10.2018 09:56 На русском

Бакай-Атанын Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбаев кызматынан кетти

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Жамалбек Орозбаев өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкуловдун айтымында, Ж.Орозбаев аталган кызматта 1,5 жылдан ашык убакыт иштеди.

«Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Жамал Орозбаев 1-октябрь күнү кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Бизде аппарат жетекчи менен болгон маектешүүсүндө өз каалоосу менен кетип жаткандыгын, эч кандай таарыныч болбогонун айткан. Ал 1,5 жылдан ашуун убакытта өзүн көрсөтө алды. Жакшы иштер жасалды. Айыл өкмөт кете электе эле тиешелүү органдар тарабынан пландык текшерүүлөр жүрүп баштаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кооптончу маселе жарала элек», - деди ал.

Жамалбек Орозбаев кызматынан кеткендиги боюнча социалдык тармактарга билдирүү жарыялагандан кийин социалдык тармакты колдонуучулар тарбынан ал Бакай-Атадагы Үрмарал өзөнүндөгү алтын чайкоочу компания үчүн кызматынан кетти деген сындар айтылган. Бирок Жамал Орозбаев жумуштан кетишинде эч кандай саясат жок экендигин билдирген.

«2 жылга жакын убак иштедим. Менин жумуштан кетишиме жергиликтүү элдин, депутаттардын тиешеси жок. Өзүмдүн чечимим менен кетип жатам», - деп айткан.

Айыл өкмөттүн жаңы башчысын шайлоо 19-октябрга белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×