Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 06.10.2018 15:35 На русском

Кара-Буурада «Чыңгыз ордо» мемориалдык комплексинин курулушу башталды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 6-октябрда Кара-Буура районунун Шекер айылында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Чыңгыз ордо» тарыхый-маданий мемориалдык комплексине капсула салуу аземи өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, экс-вице-премер министр Даир Кенекеев, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев катышты. Жалпысынан куруу долбоору 8 этапка бөлүнүп, биринчи этаптын болжолдуу наркы 68 млн 970 миң 509 сом болгон.

Төрага Дастан Жумабеков: «Чынгыз ордо» тарыхый-маданий мемориалдык комплекси келечекте Ч.Айтматовду дүйнөгө даңазалап турган жер болот. Комплекстин курулушу соңуна чыккыча жол көйгөйлөрү да чечилет», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×