Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 08.10.2018 15:28

Таластык Э.Шайдылдаев «Манас Ордого» Суусамырдагы үңкүрдөн табылган жебени тапшырды (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Таш-Арык айылынын тургуну Эрнис Шайылдаев «Манас Ордо» комплексинин музейине байыркы замандарга таандык делген жебенин учун тапшырды. Бул тууралуу музейдин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Маалыматка караганда, ал жебенин учун ушул жайда Суусамыр жайлоосунун Чоң-Муз-Төр аймагынын төр жагында жайгашкан Ак-Аска деген жерден мал кайтарып жүргөн учурда үңкүрдөн таап алган.

«Эрнистин айтымында Ак-Асканын алдында 20-30 кулжалар байырлаган үңкүр бар. Ошол үңкүрдүн ичинен бул жебени таап алгандыгын айтты. Жебенин учу болжол менен 6-8-кылымдарга таандык. Жебенин узундугу 15 см болсо, туурасы 2,2 см болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×