Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 09.10.2018 08:00

Жубайлар: К.Токтоболотов жубайын бир көргөндө эле жактыргандыктан сүйүүсүн көзү менен билдирип алчу (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылында жашаган 55 жаштагы жубайлар Кемелбек Токтоболотов менен Айнур Омарова 30 жылдык өмүрүн балдарга билим берүүгө арнашкан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Өздөрүн айтымында, экөө айылдаш. Жогорку окуу жайда да чогуу билим алышкан.

Айнур айым: Жолдошум экөөбүз бир айылданбыз. Ошол эле убакта Ош педагогикалык окуу жайында да чогуу билим алганбыз. Өзүбүз айылдаш, бир жагынан теңтуш болгондуктан жакшы суйлөшчүбүз. Бирок мамилебиз жакын болуп кетерин билбептирбиз. Башында дос элек, андан кийин достугубуз сезимге айланды. Ал убакта экөөбүздүн биринчи максатыбыз билим алып, кесип менен иштөө эле. Убакытты көпкө созбой, 23 жашыбызда — 1985-жылы жайында турмуштун жолуна бирге аттандык.

Ар бир келиндин жаңы келгенде эсте калган окуясы болот эмеспи. Менин эсте калган учурум — кайын атам, кайын энемдин көзүнчө эле кайын иним, кайын сиңдим менен топ талашып ойноп кетчүмүн. Ал учурда жаңы келген келинмин. Экөө ойноп жатса мен да кызыгып, ойногум келчү окшойт. Бирок түшүнүктүү адамдардын үй-бүлөсүнө келгендиктен эч кандай кыйынчылык көргөн жокмун. Турмуштун ар кандай сыноосун бирге жеңдик. Турмуш бирде өйдө, бирде ылдый болот. Баарын сабырдуулугубуз менен жеңип, ортодогу балдарга татыктуу тарбия берип, өз турмуштарына узаттык.

Кемелбек мырза: Биз деле жаш болдук, жаштыкка мас болдук дегендей. Ал учурда азыркыдай жактыруу сезимин ачык айта алчу эмеспиз да. Айнурду бир көргөндө жактыргам. Сүйүү катын жазып, андан кайра жооп күтүп деле убара болгон жокмун (күлүп). Көпчүлүк учурда чогуу жүргөндүктөн сүйүүмдү көзүм менен эле билдиргем. Канчалык өзүмдү кармайын десем дагы жакшы көрөрүмдү көзүм билдирип койчу. Жубайым жаш кезинде арыкчырай, көзү тостойгон, сулуучасынан келген кыз болчу. Мамилеси да абдан жакшы, назик кыз эле. Мен ошол балбылдаган көзүн жактыргам. Буйруса менин балдарымдын апасы болот деп тилек кылчумун. Тилегим кабыл болду. 33 жылдан бери бактылуу түтүн булатып келебиз.

30 жылыбыз мектепте балдарга билим берүү менен өттү. Ал учурда балдарыбыз жаш, караганга эч ким жок. Экөөбүз болсо ишке эртең менен кетип, кечинде келебиз. Балдарыбыз ачка калат. Балдарыма «курсагыңар ачып калса коңшулардын үйүнө барып чай ичип, курсагыңарды тойгуза бергиле. Бул жерде баарыбыз бир үй-бүлөбүз» деп көп айтчумун. Бир тууганбыз десе ойлоруна туура келсе керек, бир күнү балдарым курсактары ачып кеткенде коңшубуздун үйүнө чуркап кирип, нан көтөрүп чыгыптыр. Кошунам аны көптөн кийин «бир жолу балаң уруксат сурабай үйгө кирип, нан көтөрүп чыгып кеткен» деп айтып жатпайбы. Көпкө күлүп, коңшума маселени түшүндүрүп бергем. Ошондон кийин балдарыбызды коңшуларыбыз багып жүрдү. Ошентип балдарыбызды бир күн ачка, бир күн ток кылып өстүрдүк. Азыр баары артта калды. Балдар чоңойду, өз уяларына кондурдук. Байбичем экөөбүз ысык чайларын ичип отурган кезибиз.

Жубайлар 4 баланын жана 5 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×