Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 09.10.2018 09:45 На русском

Жаш талант: Таластык 11 жаштагы Аделина 2 жылдан бери паннолорду жасап акча табууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Каракол айылынын 11 жаштагы тургуну Кубатбек кызы Аделина 9 жашынан бери паннолорду жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Искендер Айдаралиев атындагы орто мектебинде 5-класста окуп жатат.

«Биз үй-бүлөбүз менен кол өнөрчүлүккө жакынбыз. Чоң энем жүн менен аркан эшсе, апам курак курайт. Ал эми акелерим булгаары менен иштешет. Өзүм сүрөт тартканга кызыккандыктан сүрөт ийримине катышып келем. Келечекте өзүмдү мыкты сүрөтчү же кол өнөрчү болом деп элестетем. Менде эки жакты алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Азыркы учурда сүрөт тартып, жүн менен паннолорду жасап келем. Муну мага чоң апам үйрөткөн. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Бир көргөндө үйрөнүп кетчү нерсе.

Паннолорду жасоодо биринчи көлөмгө жараша кийизди кыркып алам. Анын бетине ар кандай кылып сүрөт тартам. Андан кийин жүндү атайын ийнеси менен сайып жасай баштайм. Кийиздин 1 метрин 300 сомдон сатып алам. Ал эми жүн өзүбүздөн чыгат. Көбүнчө ак жүн керектелет. Ак жүндөрдү ар түрдүү боёкко салам. Боёктун 1 аш кашыгын 50 сомдон сатып алабыз.

9 жашымдан бери паннолорду жасоо менен алек болуп келе жатам. 2 жыл ичинде кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай кароо-сынактарга, көрсөтмөлөргө катыштым. Менин эмгектеримди көбүнчө көрсөтмөлөрдөн алып кетишет. Баасы деле өтө кымбат эмес, көлөмүнө жана жасалышына карата 200 сомдон 500 сомго чейин бааланат. 1 күндө 5-6 панно жасап коём. Сүрөтүн тартканга 2 саат убакыт эле кетет. Буйрутма бергендер акырындык менен көбөйүп келе жатат. Чоң апам дагы өзүнүн эмгеги менен кошо меникин да алып барып, сатып келет. Башында туугандарыма белекке берип келсем, азыр сатам. Акчасын өзүм пайдаланам. Албетте, окуу боюнча курал-жарактарымды алууга жарайт.

Ар кимдин ар нерсеге кызыгуусу болот эмеспи. Менин кызыгып, баш-отум менен кирген нерсем ушул. Үй жумуштарына такыр жокмун. Үй шыпырып, идиш жууган жакпайт. Мага кийиз менен жүндү карматып иштетип эле койсо болду (күлүп)», - деди ал.

Чебер кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×