Бала тили — бал: Министрге тием, - 5 жаштагы Фатима (фото)
Turmush - Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз Талас шаарынын 5 жаштагы тургуну Фатима Койгелдиева.
- Фатима, бала бакчага барасыңбы?
- Ооба.
- Бала бакчадагы эжеңдин аты ким?
- Рано эже. Ал аябай жакшы.
- Апаң ким болуп иштейт?
- Мугалим. Орусча сүйлөп, балдарга сабак берет.
- Чоңойгондо ким болосуң?
- Врач.
- Эмне үчүн врач болосуң?
- Ооругандарга укол саям. Мен ыйлатпай, оорутпай салам.
- Канча бир туугансың?
- Иним, Тариэл.
- Кимге окшошсуң?
- Апама окшошмун.
- Сүйүү деген эмне?
- Любовь.
- Сени ким деп эркелетишет?
- Атам, апам «сары кыз» деп эркелетишет. Мен сары кызмын. Чачым дагы сары.
- Жакшы кыз кандай болот?
- Акылдуу, «бала бакчага барбайм» деп ыйлабайт.
- Атаң, апаң көп акча алып келишеби?
- Ооба, апамдын кошелегунда көп акча бар.
- Сага эмне сатып алып беришет?
- Чипсы, сок, кола
- Чоңойгондо күйөөгө тиесиңби?
- Ооба (күлүп).
- Кимге тиесиң?
- Министрге тием.