Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 09.10.2018 15:27

Жеңеке: Чүйдөн Таласка келин болгон Аманбү жеңеге күлчөтай жасаганды кайын атасы үйрөткөн (фото)

Turmush -  Талас районунун Арал айылындагы 54 жаштагы Алыкбаева Аманбү жеңе 18 жашында турмушка чыгып, кайын энеси жок болгондуктан бир топ кыйналган. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Жакып Ыбышовго 36 жыл мурда баш кошкон.

«Мен Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 8 бир тууганмын. 1982-жылы орто мектепти аяктап, жогорку окуу жайга барам деп турган учурда жолдошум Ыбышов Жакыпка турмушка чыгып, окуй албай калган элем. Жакып экөөбүз жакшы тааныштардан элек. Бирок баш кошуп каларыбызды ойлобоптурмун.

Турмушка чыкканда ата-энем «эми бизден алыс болуп каласың» деп аябай кайгырды. Бирок ага карабай баардык нерсеге көздү жумуп, үй-бүлөнү алдыга алып кетиш керек эле. Башында көнбөй кыйналдым. Анын үстүнө өзүм орус мектепти аяктап, үй-бүлөдө да орус тилин көп колдонот элек. Кыргызча көп сөздөрдү түшүнбөй, түшүндүрүп бериш кыйынчылык жаратчу. Биз жолдошум, атам (кайын атасы) болуп жашачубуз. Кайын энемдин көзү өтүп кеткен экен. Мага ошол да көп түйшүк жаратты. Иш үйрөткөн эч ким болгон жок, көп жумушту баш аламан бүтүрүп жүрдүм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эсинде калган окуяны эскерди.

«Бир жолу мындай окуя болгон. Атам «балам, бүгүн эт асчы, күлчөтай жейли» деп айтып калды. Мен тамакты бышырып, камырды чыгарып келсем атам жолдошума карап, «камырды туурай бер балам» деди. Мен чоң кесип салган турбайынбы деп илегенден бычак менен узун-узун кылып есип баштагам. Жолдошум менен атам күлүп, «жок балам, антип эмес, минтип туурайсың» деп үйрөткөн эле. Кээ бир күндөрү өзүмдүн кылган иштеримди келиниме айтып берип күлүп калам. Азыр кудайга шүгүр, ушул үйдөн көп жакшы күндөрдү өткөрүп, келгениме 36 жыл болуптур. Ошол аралыкта жолдошум экөөбүз 1 уул, 4 кызды тарбиялап, 6 небере көрүп отурабыз», - деди Аманбү жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×