Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 09.10.2018 16:03 На русском

С.Жээнбеков Таласта төө буурчак иштетүүчү заводдун ачылышына катышты (фото)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда иш сапары менен Талас облусуна келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, өлкө башчысы иш сапардын алкагында Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы төө буурчакты тазалап, сорттоп, каптоочу жаңы заводдун ачылыш аземине катышты. Завод эл аралык талапка жооп берген продукцияны экспортко чыгара алат.

Жеке ишкер Миргазы Оморовдун айтымында, заводдун 1 сааттык кубаттуулугу 15-17 тонна. 1 күндө 10 саат иштесе 170-200 тонна продукцияны иштетип чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ири заводдун ичинде 8-10 миң тонна көлөмдөгү буурчакты батыра алган складдар бар. Жалпы 150-200 адам иш менен камсыз болот.

Президент менен кошо Таласка Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Рыскелди Момбеков, билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жана айыл чарба министри Нурбек Мурашев келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×