Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусу, Талас 10.10.2018 12:46

Жеңеке: Кара-бууралык Сайракан жеңе жаңы келин болгондо бир нече халат, көйнөктөрүн күйгүзгөн (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы 43 жаштагы Жоробекова Сайракан жеңе жаңы келин болуп келгенде бир нече халат, көйнөктөрүн күйгүзүп алып уят болгон. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 6 бир туугандын кенжеси.

«Айылдык мектепти бүтүп, Бишкектеги эсеп-кысап боюнча курсту аяктагам. Бала чагым Көк-Сай айылында өттү. Ал убакта бир туугандар бири-бирибиздин кийимдерибизди кийчүбүз. Эрте ойгонуп, улуу эжемдердин мага жаккан кийимдерин кийип, мектепке кетип калчумун. 11-класста көлөч, япон жоолуктар мода болгондуктан, мектепке көлөч менен маасы кийип, япон жоолугун салынып барчумун. Азыр эстесем кантип жоолук салынып бардым экен деп күлөм.

Жолдошум Алтынбек Алымбеков менен Бишкекте окуп жүргөндө таанышкам. Жолдошумдун акесинин үйүндө уруулаш эжемдин кызы жашачу. Ал бир күнү түштөнүүгө үйүнө чакырды. Мен эч нерседен кабар жок барсам, үйүндө коноктор бар экен. Жолдошум менен ошол жактан таанышып калганбыз. 1993-жылы 23-июнда турмушка чыктым. Кайын ата жана кайын энем менен чогуу 15 жыл жашадым. Түшүнүү менен мамиле жасашчу. Ал убакта нан бышырган меш (духовка) жок болгондуктан, нанды казанга бышырам деп халат, көйнөктөрүмдү бир нече жолу күйгүзүп алгам. Кайын энем «эч нерсе эмес, кичинекей үй-бүлөдөн чоң үй-бүлөгө келдиң» деп сооротуп койчу. Үй-бүлөдө 13 адам жашачу элек. Чайды куюп бүтүп, эми өзүм ичейин дегенде кайрадан чынылар айланып келип калар эле», - деди ал.

Сайракан жеңе 4 жыл мурун «Эне даңкы» төш белгисин алгандыгын кошумчалады.

«5 кыз, 1 уулду болдук. 2 кызыбыз турмуш курду, күйөө балдарым өз балдарымдай. 2 кыз студент, калган экөө мектепте окушат. Мындан 4 жыл мурун «Эне даңкы» төш белгисин алдым», - деди ал.

Сайракан жеңенин үй-бүлөсү дүкөн иштетип, дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×