Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 10.10.2018 14:46

Жеңеке: Чүйлүк Зулета жеңе ата-энесинин каршылыгына карабай, Таласка келин болуп келген (фото)

Turmush -  Чүйдө чоңойгон 46 жаштагы Кудайкулова Зулета жеңе ата-энесинин каршы болгонуна карабай, Кара-Буура районунун Кара-Сай айылына келин болуп келген. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1972-жылы Панфилов районунда туулган. Кесиби боюнча мугалим. Жолдошу Нуржан Кудайкулов менен С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынан таанышкан.

«Мектепти аяктап, Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып калдым. Жолдошум экөөбүз бир тайпада окучубуз. Экөөбүз тең жатаканада жашачу элек. Мен кыздар менен, ал дос балдары менен бири-бирибизди бөлмөлөрүбүзгө конокко чакырышып, майрамдарды чогуу өткөрүп жүрчүбүз. Баарыбыз дос болуп жүрдүк. Бирок Нуржан экөөбүздүн мамилебиз башкачараак болчу. Кийин акырындык менен сүйүүгө айланды. 2 жыл кыз-жигит болуп жүрүп баш коштук. Мен ата-энеме «таластык бала менен сүйлөшөм, экөөбүз үйлөнөлү деп жатабыз» десем чалкаларынан кетишти. «Сен эмне деп сүйлөп жатасың? Таласта кыз калбай калыптырбы? Таласка барсаң келе албайсың, жолдун алыстыгы кантет. Жакшылык-жамандык болот, убагында келе албай жүрөсүң, тийбейсиң» дешти. Мен эмне демек элем, «экөөбүз 2 жылдан бери сүйлөшөбүз, ал жакшы бала» деп ары тартышып, бери тартышып, акыры жеңдим (күлүп). Ошентип 1990-жылы кыштын суугунда Таластын Кара-Буура районунун Кара-Сай айылына келин болуп келдим. Үйдүн бешинчи келини болуп келгем. Атам, апамдар, бир туугандары абдан жакшы адамдар. Апам экөөбүз сырдашпыз. Чоң үйдүн келини болгондуктан абысындарымдын атаманы менмин (күлүп). Абысындарымдын баары менен курдашмын. Алар мени «үйдүн атаманы, сенин айтканың болот» деп тамашалап калышат», - деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келгенде башынан өткөргөн кызыктуу күндөрүн эскерди.

«Өзүм кышкы убакта келин болуп келдим. Жазында талаа жумуштары башталат эмеспи. Бул жакта көбүнчө тамеки өстүрүшөт экен. Бир күнү жолдошум «Тамеки теребиз. Сага шатыны алып алалы, боюң жетпейт, үстүнө чыгып алып бирден тересиң» деди. Мен шаты менен терип жатканда үйдөгүлөрдүн көзүнчө кулап кетип, уят болсом экен деп кыжаалат болуп баштадым. Талаага жеткенде жолдошума «шатыны унутуп коюптурсуң, мен кантип терем эми» деп аябай капа болгом. Ал каткырып күлүп, «мен сени тамашалап койгом» деди.

Дагы бир жолу апам нан бышырганга камыр ачытып коюшумду суранып, өзү коноко кетип калды. Кетип баратып, мага «2 сааттын ичинде көөп калат, бышыра берсең болот» деп кеткен. Саатты улам карап отуруп, 2 саат дегенде нан жасай баштадым. Бирок наным бышпайт. Ошентсе дагы апам келгенче нанды жасап коюп, келгенден кийин ысык нан менен чай бердим. Апам нанды көрүп эле, камыр ачыбай калган турбайбы деди. «Өзүңүз 2 саатта көөп калат, бышыра бер дегениңизден саатты улам карап, 2 саат убакыт өткөндө эле бышырып баштагам» дедим. Апам болсо күлгөн боюнча эч нерсе деп айта албай калган. Азыр өзүм 2 келинге кайын энемин», - деди ал.

Зулета жеңе 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×