Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 11.10.2018 14:11 На русском

Жеңеке: Нарындык Анара жеңе Таласка келин болуп, камыр тамакты көп жасап калды (фото)

Turmush -  Нарында чоңойгон 52 жаштагы Курманбаева Анара жеңе Талас районунун Арал айылына келин болуп келгенине 30 жыл болду. Аймактык кабарчы жеңеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн.

«1984-жылы мектепти аяктап, борбордо окуйм деп ойлодум эле, бирок окууга тапшыра албадым. Иштеп жүрүп, Токмок шаарындагы техникумда билим алып жатканда жолдошум Ырыскулов Бакыт менен тааныштым. Экөөбүз узак убакыт сүйлөшүп жүрүп, 1988-жылы ата-энемдин алдынан өтүп баш коштук. Жаңы келгенде көп нерсеге кызыгып, Таластын салтын бат эле үйрөнө баштадым. Билбегендеримди билгизбей, акырындык менен жумуштарды бүтүрөт элем. Ал күндөрдү эстесем өзүмчө жылмайып алам.

Эсимде бир жолу апам «тамакка камыр жууру» деп калды. Мен Нарындагыдай эле 10дон ашык кишиге кичинекей эле 1 субала камыр жасадым. Нарында тамактын эти көп, камыры аз эле болот. 1 субала камырды жайып, кесме кылып кесип, чыгарып барсам баары таң калган. Ошондо апам күлүп, «балам бул кимге жетет?» деп жанына мени отургузуп алып, Таластын күлчөтайын кантип жасашты үйрөткөн. Азыркы күндө да камыр тамакты дасторконго алып келгенде апам ошону айтып күлүп калат.

Азыр баары жакшы, 5 баланын ата-энеси болуп отурабыз. Мен да бүгүн-эртең келиндүү болом деп отурам», - деди Анара жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×