Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 11.10.2018 16:25 На русском

Кылым карыткан жаш: 91 жаштагы Каныш апа 4 уулун жалгыз чоңойтуп, азыр 18 неберелүү болду (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 91 жаштагы тургуну Эгенбердиева Каныш апа азыркы убакка чейин жип ийрип, неберелерине байпактарды токуп келет. Аймактык кабарчы апа менен таанышты.

«Балалык кезим Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында өттү. Бакайыр айылына келин болдум. Жолдошум Рыскул экөөбүз 4 балалуу болдук. Улуу балам 6-класста окуп жатканда жолдошум каза болуп калды. 33 жашымда жесир калып, 4 баланы жалгыз тарбиялап чоңойттум. Жашоо кыйын, бирде ачка, бирде ток. Балдарымды багам деп тамекиде, ылайда иштеп, машак терип, эртеден кечке иштеп, кечинде үйгө келип оокаттарын жасап берип кыйналып жүрдүм. Кийин чабан болуп, элдин малын кайтарып жүрдүм. Өлбөгөн адамга жаз келет экен. Катарынан уулдарым чоңойду. Мага караан болушту. Жашообуз бир аз жакшы болуп баштаганда мен кол өнөрчүлүк менен алектенип баштадым. Шырдак шырып, туш кийиз жасап, боз үй көтөрүп, чеберчилик менен күн өткөрүп калдым. Ушунун арты менен уулдарымды окуттум, үйлөнттүм. Азыр кудайга шүгүр, бактылуу энемин.

Бул жашоодо балдарыңдын кашында, келиндериңдин ысык чайын ичип отурганга эмне жетсин. 4 келиним 4 жактан апалап турушат. Картайган сайын ал-күчүң кетет экен. Ошого карабай неберелериме деп байпак түйүп берем. Эртеден кечке убактым бекер өтпөсүн деп жип ийрип, байпак токуп эрмектеп отурам. Неберелерим айылдап келген сайын кийип кетишет. Жүн байпак кийип жүрүшсө буттарына суук өтпөйт да.

Азыр гүлдөгөн заманда жашап жатабыз. Биз башыбыздан өткөргөн күндөрдү силер көрбөгүлө. Ар дайым ыймандуу болгула. Бир кесим нанды бөлүп жеген ынтымактуу жаштардан болгула», - деди ал.

Улуу келини Анаркан айым Каныш ападан кол өнөрчүлүктү үйрөнгөнүн белгиледи.

«Мен үйдүн улуу келинимин. Апам сыймыктанчу адам. Ден соолугу чың. Бир күндү да текке кетирбей, байпак токуу менен алектенип отурат. Экөөбүз курдаштардай сүйлөшүп отурабыз. Жаш кезимде кайын энем кол өнөрчүлүктү үйрөтүп койгон. Мен дагы курак курап, неберелериме деп сактап келем», - деди Анаркан айым.

Каныш апа 4 уулунан 18 небере, 5 чөбөрөлүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×