Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусу, Талас 11.10.2018 17:13

Таластагы мектеп, бала бакчалар казакстандык көмүр менен камсыздалып жатат

Turmush -  Талас облусундагы билим берүү мекемелери казакстандык көмүр менен камсыздалып жатат. Бул тууралуу Талас облустук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Борончу Өмүрканов билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда жалпы 112 мектеп, 60 бала бакча бар.

«Бизде көмүр отуну менен 34 мектеп, 23 бала бакча камсыздалат. Калган 84 мектеп, 47 бала бакча электр энергиясы менен жылыйт. Бир кышта 2451 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндөгү маалымат боюнча мектеп жана бала бакчалар көмүр менен 93% камсыздалды. Эртеңки күнү бул пайыздар да өзгөрөт. Кара-Буура району менен Бакай-Ата району, Талас шаары 10% көмүр камсыздалды. Былтыркы жылы кээ бир мектептерден көмүрдүн сапаты начар, күйбөй жатат деген нааразычылыктар болгон. Быйылкы кышка карата көмүрлөр Казакстандан алынууда. Мектептерге көбүнчө Шабыркүл, Кара-Жыра көмүрлөрү келип жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×